Т-Медиа — Кыргызстандагы көзкарандысыз, коомдук кызыкчылыкты көздөгөн медиа компания. Телеканал 2019-жылы эфирге чыгып, кыска убакыт ичинде иликтөөчү, фактчек жана аналитикалык журналистика менен коомчулуктун ишенимине ээ болду.
Т-Медианын түптөлүшү Таиржан Турсуналиев атындагы медиамектептен башталган. Бул медиамектеп 2016-жылы БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) колдоосунда түзүлүп, Кыргызстанда сапаттуу жана жоопкерчиликтүү журналистиканы өнүктүрүүгө багытталган.
2018-жылы медиамектептин негиздөөчүлөрү, тренерлери жана Оштогу тажрыйбалуу журналисттер биригип, эч кандай саясий же коммерциялык кызыкчылыкты көздөбөгөн, мамлекеттен көзкарандысыз Т-Медиа маалымат каражатын негиздешкен.
"Биз коомдогу маанилүү маселелерди көтөрүп, ачыктыкты, кесипкөйлүктү жана коомдук жоопкерчиликти негизги принцип катары карманабыз"
Т-Медиа Командасы

“Т-Медиа” редакциясынын директору Журналистика тармагында 6 жылдан бери эмгектенет.
“Т-Медиа” телеканалында журналист жана социалдык тармактардын продюсери болгон. Ошондой эле Internews уюмунун медиасабаттуулук жана дезинформацияга каршы “Mediablockpost”(учурда Чекит Медиа) долбоорунун катышуучусу болуп, 2022-жылдан тарта Таиржан Турсуналиев атындагы Медиамектепти жетектеп, 2025-жылдан бери “Т-Медиа”нын директору болуп иш алып барууда.
Ал бир нече улуттук журналисттик сынактардын жеңүүчүсү болгон. Prague Civil Society уюму тарабынан уюштурулган Osh Video Quest 2019 сынагында “мыкты видео” сыйлыгынын ээси. Мыкты журналисттик иликтөөсү үчүн Улан Эгизбаев атындагы сыйлыктын атайын байгесине татыган. Internews тарабынан уюштурулган “Умтулуу” сынагында «Эл жана анын бийлиги» категориясы боюнча 3-орундун ээси (2023). Internews тарабынан уюштурулган “Умтулуу” сынагында «Аракетчил инсан» категориясы боюнча 3-орундун ээси (2022). Медиа колдоо борбору жана UN Women уюму тарабынан уюштурулган.
Gender-Sensitive Journalism Contest сынагында 2-орундун ээси. Европа Биримдиги тарабынан каржыланган Monitoring for Justice долбоорунун «Экологиялык туруктуулук» категориясы боюнча 2-орун менен сыйланган (2025). AGILE: Tech4Good хакатонунда 1-орунду багындырган (2025).

Журналист, редактор жана дата журналист
Социалдык, экономикалык, адам укуктары, экология жана миграция темаларына багытталган материалдарды даярдайт. 10 жылдан ашык журналистика тажрыйбасы бар, маалыматтарды текшерүү жана дата материалдарды түзүү боюнча иштеген.
«Интерньюс Кыргызстан» стипендианты (2019), АКШ элчилигинин Эл аралык лидерлик программасынын катышуучусу (IVLP, 2021).

Журналист, редактор жана дата журналист
Журналистика тармагына жаңы кадам таштаганына карабастан, коомдогу күнүмдүк актуалдуу маселелерди жана жарандардын кайрылууларын чагылдырууга өзгөчө көңүл бурат.
Көтөрүлгөн көйгөйлөрдү коомчулукка жеткирүү менен катар, алардын чечилишине салым кошууну негизги максат кылат. Буга чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Журналистика жана коммуникация институтунун «Телевидение» багытын эң мыкты баалар менен окуган. Учурда журналистика адистиги боюнча Ош мамлекеттик университетинин студенти.
Келечекте иликтөөчү журналист болууну көздөп, фактыларга таянган, калыс жана таасирдүү материалдарды даярдоону максат кылат. Ал «Idea», «Европа Биримдиги», «Новый ритм», «Интербилим», «Internews» уюмдары жана Factcheck.kg редакциясы тарабынан уюштурулган тренингдердин бүтүрүүчүсү.
Ошондой эле 2025-жылдагы Ош шаардык мэриясынын жана муниципалдык ишканаларынын ардак грамоталарынын жана ыраазычылык баракчаларынын ээси.
Айжамал Пайзилдаева- «Т-Медиа» телеканалынын журналисти, SMM-адиси.
Учурда ОшМУнун журналистика факультетинин 3-курсунун студенти. Окуу менен бирге журналист болуп иштейт.
Буга чейин бир нече конкурстарга катышып, тренингдерг катышып билимин бекемдеп келет. ОшМУ тарабынан уюштурулган «Медиа технология өнүккөн доордогу журналистика» сынагында 3-орунду ээлеген, андан сырткары да көптөгөн сыйлыктардын ээси.« Idea», «Европа Биримдиги», «Новый ритм», «Интербилим», «Internews» уюмдары, Factchek.kg редакциясы тарабынан уюштурулган тренингдердин бүтүрүүчүсү.

Журналист, кабарчы
Адина Алмазбек кызы Ош мамлекеттик университетинин журналистика адистигин аяктаган. Учурда T-Media телеканалында кабарчы болуп эмгектенет. Журналистика тармагында 1 жылдык тажрыйбасы бар, мурун «Ош Пирим» ТРКсында кабарчы болуп иштеген.
Сертификаттары жана квалификациясы:
Ал USAID жана JSI уюмдарынын волонтердук программасына катышып, коомдук саламаттыкты сактоо жана маалыматтык кампанияларды жүргүзүү боюнча тажрыйба алган (2022)
Ошондой эле, Internews Kyrgyzstan уюштурган «Универсалдуу журналист мектеби» тренингин ийгиликтүү аяктаган (2023)

Журналист, кабарчы
Урустамов Бекмырза ОшКУ университинин Инженердик Технология Факультетинде 4чү курста окуйт.Учурда Т-Media каналында журналист кабарчы болуп эмгектенет.Журналистика багытында буга чейин 2023 жылы редакцияда тажрыйба алган. ENAKTUSKUMU командасында HR менеджер болуп иштеген.
Сертификаттары жана квалификациясы:
Бекмырза USAID жан Ага Хан бизнес программасынын ийгиликтүү айактоочусу. Жана Жердин балдары программасы менен Алай районунун жер көчкүгө коопту аймактарга 3000түп арча эгүүгө волонтёр катары катышкан.ИИ боюнча OSCE медиа сабаттуулук тренингинин ийгиликтүү айактоочусу.

“Т-Медиа” телеканалынын оператор, монтажёру
Учурда Ош мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти. Буга чейин Ош мамлекеттик университетинин маалымат борборунун “Үмүт” телестудиясында оператор, монтажёр болуп 1 жыл иштеген.

“Т-медия” телеканалынын оператору, монтажеру
«Т-Медиа» телеканалында оператор, монтажер болуп иштейт. Adobe Photoshop, Premiere Pro, After Effects, Corel DRAW жана башка программаларда иштейт. Социалдык тармактар жана медиа үчүн видеоконтент даярдайт.

Студент, журналист
Азыркы учурда Ош мамлекеттик университетинин журналистика адистигинин 4-курсунун студенти. Университет ичиндеги бир катар сынактардын жеңүүчүсү жана ошондой эле 2024-жылдагы Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд Кыргызстандагы студенттер арасында уюштурган эссе сынагынын 2-орунунун ээси.
Андан сырткары ОшМУнун мобилдүүлүк программасы менен Астана шаарындагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде журналистика адистиги боюнча 5 ай окуп келген. Ал жакта ошол эле университет жаш акындарды колдоп чыгарган «Сыр сандык II» ырлар жыйнагына ырлары киргизилген. Ал эми “Поэзия ордосу” көркөм-адабий коомдук бирикмесинде мүчө болуп, ал бирикменин “Жети дубан акындары” аттуу 6-7-китептерине ырлары чыккан.